FANDOM


Herb Kurowa KurówPoland
Куров
Воеводдук Воеводдук Люблин
Муниципалдык өкмөт Куров гмина
Мэр Йан Лубек
Негизделген 1185 жылдан мурун
Шаар укуктары 1442-1870
Шаарчанын 2 764 (30.06.2017)
Шаарчанын (жалпы) 4 636 (30.06.2006)
Аянты 11,33 км²
Жыштыгы 244/1 чарчы километрге
Жергиликтүү код (+48) 81
Кеңдиги/Узундугу 51°24′ N 22°11′ E
Араба табакчалары LPU

Куров (поляк тилинде Kurów) — Польшанын түштүк-чыгышындагы Люблин воеводдугунда Куров гминанын борбору, кыштак. Куровка дарыянын жээгинде жайгашкан. Калкы – 2804 киши (2008 жыл).

Куров жергесиндеги алгачкы тургун жайлар 12 кылымга таандык. 1431 – 1442 жылдары арасында Магдебург мыйзамына ылайык шаардык укуктуулук берилген. Шаар айланадагыларга тамак-аш соода борборуна айланган. Ошондой эле ал жерде бир канча тери жана булгаары иштетүү ишканалар жайгашкан. 16-чы кылымда кальвининизмдин борборлорунун бири болгон. Бара-бара, 1660 жылга чейин жашоочуларынын көбү арианизмге өтүп кеткен. Андан сон шаардын тарыхы аймактын тарыхы менен байланыштуу. Польшаны үчүнчү бөлүүдөн кийин, 1795 жылы Австрия басып алган. 1809 жылы ал Варшава Герцогдугунун бөлүгү, 1815 жылы Польша королдугунун бөлүгү болуп калган. Ноябрь көтөрүлүшүнүн учурунда, 1831 жылы февралда, генерал Йозеф Дверникинин жетекчилигинин алдында поляк аскерлери орус күчтөрүн Куров кагылышуусунда жеңип алган. 1870 жылы Январь көтөрүлүшүнөн кийин шаардык статусунан ажыраган. 1918 жылдан бери кайра Польшанын бөлүгү болгон. Экинчи дүйнөлүк согушунун башталышында, 1939 жылдын 9 сентябрында, немис аба күчтөрү шаарды бомбалаганда кыйраган буталарынын бири - жарандык оорукана эле. Согуш мезгилинде Германия бул жерде кулдар эмгек лагерлерин курган. 1942 жылы гетто курулган. Абакка түшкөн поляктарынын көпчүлүгү качып жакынкы токойлордогу иштеп аткан Улуттук фронттун бөлүкчүлөрүнө кошулган.

Куровда 1923 жылы Польшанын коомдук ишмери, генерал Войцех Ярузельский туулган.

Белгилүү көзгө урунардык имарат - Ренессанс чиркөөсү (1692 жылы реставрацияланган).

Ad blocker interference detected!


Wikia is a free-to-use site that makes money from advertising. We have a modified experience for viewers using ad blockers

Wikia is not accessible if you’ve made further modifications. Remove the custom ad blocker rule(s) and the page will load as expected.

Więcej z Fandomu

Losowa wiki